Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 31-марты №20

Кара-Ой  айылынын  тургуну Т.Т.Ибраимовдун  жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин  кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Ой айылынын   тургуну  Ибраимов Талантбектин  жазган   кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылынын Жеткинчек көчөсүнүн №6а дарегиндеги өзүнө тиешелүү 2000м.кв жер участогунун 44 м.кв жеринин   максаттык багытын коммерциялык багытка өзгөртүүгө уруксат берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

С. Осмонов