Редакцияот 28.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 28-февралы № 6/08

Аймактык милиция бөлүмүнө жерди мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

Лейлек РИИБнүн начальниги милициянын подполковниги Б. Кундузовдун 2022-жылдын 1-февралындагы №34-7/275 сандуу билдирмесин карап чыгып талкуулап, Лейлек айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Лейлек айыл аймагынын Коргон айылында жайгашкан «Катраң» аймактык бөлүмчөсүнүн аталышын «Лейлек» аймактык бөлүмчөсү деп өзгөртүү жагы сунушталсын.

 

2. Милициянын Коргон айылында жайгашкан аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имараты жайгашкан жалпы аянты 527 м2 жер мыйзамдаштырылып, милиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилсин.

 

3.  Жерге тийиштүү иш-кагаздарын тактап, даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4.  Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Раимбердиевге калтырылсын.

 

Төрага:

Т. Мукарамов