Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 31-марты №34

Сасык-Булак   айылынын  Сулайман көчөсүнүн тургундарынын жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин    кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Сасык-Булак   айылынын Сулайман көчөсүнүн  тургундарынын  жазган   кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Сасык-Булак айылынын Сулайман көчөсүнүн чыгыш тарабынан батыш тарапты көздөй жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн  140 000(жүз кырк миң)сом сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

С. Осмонов