Редакцияот 14.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2022-жылдын 14-марты № 12/47

Миӊ-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылынын атын, Миӊ-Булак айыл аймагынын “Таш-Дөбө” айылы деп атын өзгөртүү жөнүндө

Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Курманбектин баяндамасын угуп жана айыл тургундарынын кайрылуусун эске алып, талкуулап Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 “ Мамлекеттик маанидеги обьектилерге ат берүү жана атын өзгөртүү” токтомуна ылайык, Миӊ-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылынын атын,Миӊ-Булак айыл аймагынын Таш -Дөбө айылы деп аты өзгөртүлсүн.

 

2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.

 

3. Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

4. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Миӊ-Булак айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Жамангулов