Редакцияот 14.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2022-жылдын 14-марты № 12/51

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга атайы каражатына камсыздандыруудан түшүүчү акча каражатына план суроо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат

 

1. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга атайы каражатына камсыздандыруудан түшүүчү акча каражатына, 16,2 миӊ (он алты миӊ эки жүз) сом план каралып берилсин.

Төлөө коду-1423990-мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр катары классификацияланган башка түшүүлөр.

 

2. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn. region.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптукатчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.

 

3. Иш алып баруу жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Жамангулов