ЫРДЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫРДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ырдык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылыштын кезектеги 1- сессиясы
2023-жылдын 21-январы № 08
Комсомольское айылынын жалпы элдик чогулушунун токтомун бекитип берүү жөнүндө
Комсомольское айылынын тургундарынын жалпы элинин суроо талабы жана чогулушунун протоколун негизинде Ырдык айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылыштын кезектеги 1- сессиясы токтом кылат :
1.Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл өкмөтүнө караштуу Комсомольское айылынын аталышы Кытай айылы деп өзгөртүү туурасында Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2.Айылдын аталышын Кытай айылы деп өзгөртүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Комсомольское айылынын айыл башчысы К.Мамбетовко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Султановко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Арыков |