Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы

2023-жылдын 22-февралы № 1

Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоорунун алкагындагы дараметти жогорулатуучу грант катары келген акча каражаты тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоорунун алкагындагы № 5 бала-бакчанын тейлөө кызматын жакшыртуу максатында жогорулатуучу грант катары бериле турган акча каражатын 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке киргизип жана чыгымдоолоруна кошумча 150 090 (жүз элүү миң токсон) сомду туура пайдалануу максатында, Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиеванын сунушун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоорунун алкагындагы № 5 бала-бакчанын тейлөө кызматын жакшыртуу максатында жогорулатуучу грант катары келген 150 090( жүз элүү миң токсон) сом акча каражаты Төрт-Күл айыл аймагынын 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине кириштелсин.

 2. Төрт-Күл айыл аймагынын 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилсин, № 5 бала-бакчанын тейлөө кызматын жакшыртуу максатында жогорулатуучу грант катары келген 150 090 (жүз элүү миң токсон) сом акча каражаты Төрт-Күл айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн № 5 бала-бакчанын тейлөө кызматын жакшыртуу максатында жогорулатууга чыгымдалсын.

 3. Тоң райондук финансы башкармалыгынын № 5 бала-бакчанын тейлөө кызматын жакшыртуу максатында жогорулатуучу грант катары келген 150 090 (жүз элүү миң токсон) сом акча каражаты 2023-жылга бекитилген Төрт-Күл айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин гранттык эсеп счетунун бала-бакча бөлүмүнө 3112-беренесине кошумча бекитип берилүүсү суралсын.

 4. Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Дүйшембиевага жогоруда көрсөтүлгөн 150 090 (жүз элүү миң токсон) сом акча каражатын сессиянын токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга чыгымдоо жагы милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

3 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам

 

Айылдык

кеӊештин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова