ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы
2023-жылдын 22-февралы № 3
Үй-бүлѳлүк зомбулук үчүн акча каражатын бѳлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, айыл Ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиеванын акы тѳлѳѳ жөнүндө сунушун угуп, айыл аймагы боюнча түзүлгѳн жергиликтүү комитеттин үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жѳнүндѳ иш-чаралар планын талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн айыл аймагы боюнча түзүлгѳн жергиликтүү комитеттин үй-бүлѳлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо үчүн түзүлгѳн иш-чаралар планы ишке ашуу үчүн 2023-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинен 6000 сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Төрт-Күл айылдык Кеңешинин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Шаршебаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Жунушалиев |
Катчы | Г.Садырова |