Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы

2023-жылдын 22-февралы № 11

Жайыт комитетинин жетекчисинин 2022-жылда аткарган иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо иретинде Тѳрт-Күл айыл аймагынын Жайыт комитетинин жетечиси Т.Бийбаевдин отчетун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тѳрт-Күл айыл аймагынын Жайыт комитетинин жетекчисинин 2022-жылдагы аткарган иши канагаттандыраарлык деп кабыл алынсын жана айыл Ѳкмѳттүн атынан сыйлыкка кѳрсѳтүлсүн.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

Айылдык

кеңештин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова