Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 1

Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Жайыт комитетинин” тѳрагасын ѳз арызынын негизинде жумуштан бошотуу жана жаӊы “Жайыт комитетинин” тѳрагасын шайлоо жөнүндө

Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Жайыт комитетинин” тѳрагасынын Бийбаев Таалай Ниязбековичтин 30.03.2023-жылы жазган арызынын негизинде, Тѳрт-Күл айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын протоколун эске алып, Мааткеримов Жыргалбек Карымшаковичтин келечектеги иш-планын угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Жайыт комитетинин” тѳрагасынын 30.03.2023-жылы жазган арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулсун.

 

2.  Мааткеримов Жыргалбек Карымшакович Тѳрт-Күл айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын протоколунун негизинде “Жайыт комитетинин” башчысы болуп 13-апрель 2023-жылдан баштап дайындалсын.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

Айылдык

кеңештин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова