ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 2
Мал багуучулардын тарифтерин өзгөртүү жөнүндө
Төрт-Күл айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынынын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төрт-Күл айыл аймагынын мал багуучуларына төмөндөгүдөй тариф менен, айылдык кеӊештин 14.02.2022-жылдагы №5 токтомуна өзгөртүү киргизүү менен бекитилсин.
1. Койдун бир башына 60 сом, бодого 400 сом, тайга 450 сом, эчкиге 60 сом, топоз 450 сом бир айга.
2. Малдын башын тактоо максатында жайытка барган убакта атайын комиссия түзүлүп, малга санак жүргүзүлсүн.
3. Жайыт акы бодо малга жылына 1 жолу 55 сом, кой-эчкиге 15 сом, топозго сырткы, ички жайлоого кыштаса 150 сом деп чектелсин.
4. Жайыт 10-апрелден 25-октябрга чейин деп белгиленсин.
5. Мал багуучулар жайыт билет алып, 2000 сом тѳлѳп жайытка чыгышсын, эмгегинин ичинен ар жылдын 1-ноябрь айынан баштап 20-ноябрь айына чейин жайыт акы тѳлѳшсүн.
6. Жайыт акы төлөө убактысы кечиктирилсе ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,9% өлчөмүндө жаза пул төлөө жагы эскертилсин.
7. Койду 800 дөн, бодо малды 100 дөн ашырбоо жана чабандар 10-октябрь айына чейин малды багууга милдеттүү. 25-октябрь айына чейин мал ээлерине таратылып берилсин.
8. Сырт өрөөнүнө 20-июнга чейин көчүү жагы ар бир мал багуучуларга эскертилип милдеттендирилсин.
9. Сырт өрөөнүнөн жакынкы жайытка 1-октябрь айынан кийин көчүп келүүсү эскертилсин.
10. Сырт өрөөнүнөн 1-октябрь айына чейин эрте келген мал багуучуларга 30 000 сомго чейин айып пул салынсын.
11. Орто жайытта жайлап, ээн баскан, кароосуз калган мал жандыктар, Сырт өрөөнүнө ашырылсын.
12. Кѳлдѳ калган чабандардан кой-эчки башына 30 сомдон, уй-жылкыга 100 сомдон жайыт акы алынсын.
13. Уруксааты жок, орто жайытта калган чабандарга жайыт акысы 3 эсе көбөйтүлүп төлөнсүн.
14. Жайыт комитети менен малчылар жана мал ээсинин ортосунда келишимдешүү катуу талап менен ишке ашырылсын.
15. Жайыт комитетинин жайыт жерине сырттан (башка айылдардан) кирип кеткен малдын ар бир башына (бодо малга) 1000 сом айып пул салынсын.
16. Чабандар 2 ден ашпаган ит жандыктарын кармоосуна катуу талап коюлсун.
2.Бул токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Мааткеримовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы |
М.Жунушалиев |
Катчысы | Г.Садырова |