ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 10
Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Шайыр айымдар” тобунун кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Шайыр айымдар” тобунун кайрылуусун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Күл айылынын Болот Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин эски имаратынан 1 бѳлмѳ машыгуу залын уюштуруу үчүн убактылуу, келишимдин негизинде берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага | М.Жунушалиев |
Катчы | Г.Садырова |