Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 12

Тѳрт-Күл айылынын турак жай куруу үчүн бѳлүнүп берилген “Гараждын ичи” участкасына электр энергиясын орнотуп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Тѳрт-Күл айылынын “Гараждын ичи” участкасындагы кѳчѳнүн элдеринин кайрылуусун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Гараждын ичи” участкасына электр энергиясын толук камдуу камсыз кылуу үчүн 2- кварталда бюджеттен каралып, тиешелүү акча каражаты бѳлүнүп берилсин .

 

2. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

Төрага

М.Жунушалиев

 

Катчы

Г.Садырова