Редакцияот 14.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын ХХVII сессиясы

2021-жылдын 14-январы № 4

Тѳрт-Күл айыл аймагынын жерлеринен калктуу конуштар категориясына которуу маселесин кароо жөнүндө

Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн, Туура-Суу айылындагы тургундарынын арыздарын карап чыгып жана айылдык кеңештердин депутаттарынын сунуштарын белгилеп, Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Тѳрт-Күл айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн Туура-Суу айылындагы “Суук-Булак” участкасында жайгашкан №223-контурдагы жалпы 12,5 га жайыт жер аянты Туура-Суу айылын кеңейтүүгѳ бѳлүнүп берилсин.

 

2.  Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳтүнүн жер адиси А.Ибраевге милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Байсеркеевге тапшырылсын.

 

Тѳрт-Күл айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова