КӨК - САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №14 сессиясы
2023-жылдын 24-апрели №01-3/4
Жер участокторун которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө жана 2022-жылдын 9-ноябрындагы Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №12 сессиясынын №01-3/54 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жерлерди бир категориянын ичинен бир түрүнөн башка түрүнө которуу боюнча комиссиясынын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жакынкы жайыт жерлери түрүнөн өнөр жай, транспорт, байланыш коргоо жана башка багыттагы жерлери түрүнө которуу (трансформациялоо) боюнча 2023-жылдын 30-мартындагы корутундусунун негизин карап жана 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу токтомун жетекчиликке алып Көк-Сай айылдык аймактык кенеши токтом кылат.
1. 2022-жылдын 9-ноябрындагы Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №12 сессиясынын №01-3/54 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Көк-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан К-1305 (0,06 га), К-2081 (0,08 га), К-2084 (0,3 га), К-1375 (0,15 га), K-1374 (0,5 га), K-1371 (0,1 га), К-1370 (0,6 га), К-1369 (0,1га), К-1368 (0,07 га), К-1367 (0,07 га), К-1366 (0,1 га), К-1365 (0,42 га), К-1363 (0,5 га), К-1364 (0,08 га), К-1330 (0,2 га) чөйрө сызыгынан 3,33 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жакынкы жайыт жерлери түрүнөн өнөр жай, транспорт, байланыш коргоо жана башка багыттагы жерлери түрүнө которуу (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын негизинде бул токтом Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Сай айылынын жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу Усекеев Нурдөлөт Айткуловичке тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Салыбеков. |