Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК - САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттарынын кезектүү №14 сессиясы

2023-жылдын 24-апрели №01-3/5

Көк-Сай айылдык аймагынын Кайнар айылынын клубун капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө

Көк-Сай айылдык аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, 2023-жылдын 20-апрелинде болуп өткөн Кайнар айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын негизинде Көк-Сай айылдык аймактык кеңеши токтом кылат.

 

1.  Кайнар айылынын клубунун линолеумун, чатырын алмаштыруу жана ремонтоо долбоору жалпы наркы 2386881сом Региондорду өнүктүрүү фондуна долбоор жазылсын.

2.  Долбоорго тиешелүү иш кагаздар даярдалып, Региондорду өнүктүрүү фондусуна жөнөтүлсүн.

3.  Долбоорго тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы демилгелүү топко жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Тѳрага

Т.Салыбеков