Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2023-жылдын 17-марты № 8/1

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчёту жөнүндө

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын аткарган иштеринин отчётун угуп жана талкуулап Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аткарган иштери “Канаттандыраарлык” деп табылсын.

 

2.     Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинен калган жалпы калдык 8 341,8 миң сом, анын ичинен бюджеттен калган калдык 8 341,4 миң сом, атайын каражаттан калган калдык 0,4 миң сом өлчөмүндө акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ак-Таш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Аматов