Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2023-жылдын 17-марты № 8/2

Ак-Таш айыл аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Мулккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык «Кумарык-Бек» жана “Чомо” суу пайдалануучулар ассоциацияларынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. «Кумарык-Бек» жана “Чомо” суу пайдапануучулар ассоциацияларынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талаптары канааттандырылсын.

 

2.  Сугат сууга болгон төлөнүүчү акынын тарифи 1га жер аянтына 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.

 

3.  Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына:

1)  «Кумарык-Бек» жана “Чомо” суу пайдалануучулар ассоциациялары менен ирригациялык курулмалар түрдө мүлктү кабыл алуу-берүү актын түзсүн;

2) «Кумарык-Бек» жана “Чомо” суу пайдалалуучулар ассоциациялары менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын;

3)  Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.

 

4.  Ушул Ак-Таш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-мартындагы №8/2 токтомун юстициянын Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Аматов