Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2023-жылдын 17-марты № 8/3

Ак-Таш айыл аймагынынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2023-жылга иш-планын бекитүү жана жайлоого чыккан мал жандыктарына төлөнүүчү төлөмдөргө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ак-Таш айылдык аймактын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2022-жылга иш-планын бекитүү жана жайлоого чыккан мал жандыктарына төлөнүүчү төлөмдөргө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Айыл аймактын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2023-жылга иш-планы бекитилсин.

 

2. Жайлоого чыккан мал жандыктарына төлөнүүчү төлөмдөр төмөндөгүчө бекитилсин:

-  Ири мүйүздүү малга 800сом

-  Кой-эчкиге 190сом

-  Бир гектар аянтка: жайыт жерди пайдаланганга – 1500 (бир миң беш жүз) сом, чөп чабык жерге 2000 (эки миң) сом.

 

3. Бул токтомду аткарууга алуу Ак-Таш айыл өкмөтүнө жана ЖПБга жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ак-Таш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Аматов

 

Ак-Таш айылдык кеңешинин

(сегизинчи чакырылыштагы)

№8/3 токтому менен бекитилди

 

Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2023-жылга карата

ИШ-ПЛАНЫ

 

№

Иш-пландар

Аткаруу мөөнөтү

Эскертүү

1

Малдарга мониторинг жүргүзүү

Март, май, август

 

2

Жайыттардын чек ара чектерин көзөмөлдөө

Апрель, Июль

 

3

Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди тузүү

Март, Апрель

 

4

Жайыт жолдорун ондоп түзөө

Апрель, Сентябрь

 

5

Жайытка өтүүчү кечүүлөрдү даярдоо

Апрель май сентябрь октябрь

 

6

Жайыт пайдалануучулардан төлөмдөрдү жыйноо

Май, июль, сентябрь, ноябрь

 

7

Жайыттардын инфраструктурасын куруу жана жакшыртуу

Май, июнь, июль, август

 

8

Зооветеринардык тейлөөнү жана мал жандыктарын көзөмөлдөө

Апрель, Май

 

9

Мамлекеттик салыктарды, социалдык төлөмдөрдү төлөө

Июнь, Октябрь

 

 

 

 

 

Ак-Таш ЖПБнын 2023-жылга карата бюджетинин долбоору айыл өкмөтү тарабынан бекитилген:

  1.  Киреше бөлүгү – 200,0миң сом

  2.  Чыгаша бөлүгү – 200,0миң сом

 

Мындан:  Жергиликтүү бюджетке өткөрүлүүчү төлөм 3/1 бөлүгү– 66,0миң сом.

Мындан:  Жергиликтүү бюджетке өткөрүлүүчү төлөм 3/1 бөлүгү– 66,0миң сом.

Жайыт

комитетинин төрагасы:

 

М.Атакулов