Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун

2023-жылдын 8-февралы № 16/2

Кулунду айыл аймагынан социалдык шаарча жана социалдык мекемелерди куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги 16-сессиясынын отуруму Кулунду айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Ташбалтаевдин баяндамасын угуп жана  күн тартибиндеги маселелерди карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Халича” кайрымдуулук коомдук фонд тарабынан жетим балдар үчүн, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө, акыркы каргашалуу окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жана Тажик Республикасы менен чектеш жерлерге калкты отурукташтыруу, чек араны бекемдөө максатында  социалдыкшаарча курууга Кулунду айыл аймагынын Майты 1 участкасынын №420 контурунан 7,70 га жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.  

 

  Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                                                   Ш. Н. Орозалиев