Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун

2023-жылдын 8-февралы № 16/3

Кулунду айыл аймагына социалдык мекемелерди куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

 Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги 16-сессиясынын отуруму Кулунду айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Ташбалтаевдин баяндамасын угуп жана  күн тартибиндеги маселелерди карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын №155 контурунан 1,10 га жер  жетим балдар үчүн жана өтө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына билим берүү мекемесин куруу үчүн “Халича” кайрымдуулук коомдук фондуна жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына  милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына

 

Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                                                   Ш. Н. Орозалиев