КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 8-февралы № 16/6
Долбоорго салым кошуу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы министрлигинин Түрткү берүүчү грантына Кулунду айыл аймагынын “Кулунду айылынын Батыш-борбордук көчөсүн капиталдык оңдоо” аталыштагы жалпы суммасы 5164036 (беш миллион жүз алтымыш төрт миң) сомдук долбоорду ишке ашыруу үчүн 21 %дык өздүк салымы болгон 1034036 сом ( бир миллион отуз төрт миң отуз алты) сом акча каражаты Кулунду айыл аймагынын 2023-жылдын жргиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл аймагынын башчысы Ө. Ташбалтаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев