КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 8-февралы № 16/8
Кулунду айыл аймагындагы жерлерди ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомунун Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жобосунун 4-Түз берүү бөлүмүнүн 69-бөлүмчөсүнө ылайык, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 16-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагындагы Афган ардагерлерине 1 (бир) га жер түз ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык Кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев