Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун

2023-жылдын 8-февралы № 16/9

Кулунду айыл аймагынан жерлердин багытын өзгөртүп, пайдаланууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 16-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кулунду айыл аймагынын Май-Тоңбос участкасындагы №861 контрунан 20 га, №641 контрунан 5,60 га, №637 контрунан 15 га, №638 контрунан 9,40 га , жалпы 50 га жердин багыты өзгөртүлүп трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн ок атуу талаасы катары колдонууга №861, 638 №861 контрунан 20 га, №641 контрунан 5,60 га, №637 контрунан 15 га, №638 контрунан 9,40 га , жалпы 50 га жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык Кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

  Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                                                   Ш. Н. Орозалиев