КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 8-февралы № 16/10
Үлүш жерлердин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кулунду айыл аймагынын Сада участкасынын тургундарынын макулдугунун негизинде Кулунду айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 16-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сада участкасында жашаган тургундарына берилген үлүш жерлеринин тийиштүү иш кагаздарына жана токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык Кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев