КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 8-февралы № 16/11
Кулунду айыл аймагындагы көчө аттарын өзгөртүү жөнүндө
2022-жылдын 23-декабрындагы Кулунду айылынын коомдук угуунун протоколунун жана Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун 2023-жылдын 08-февралындагы №16/1 протоколунун чечиминин 6-7-пункттарынын негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек ара коогалаңында баатырларча курман болгон Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын тургуну Набиев Алишер Бостоновичтин ысымы Кулунду айылындагы В. И. Ленин атындагы көчөгө ыйгарылсын.
2. Кулунду–Максат жолу Нууман Сайдуллаев атындагы көчө деп аталсын жана жол боюна атайын анын ысымы жана башка ошол жолдун курулушуна кошкон салымы бар инсандардын ысымы жазылган маалымат тактайчасы орнотулсун жана аянтча курууга жер ажыратууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду аткаруу үчүн Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен керектүү акча каражаты каралсын жана токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет жана Мыйзамдуулук, коомдук тартип жана граждандык укукту сактоо боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев