КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 24-февралы № 17/1
Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясында кабыл алынган №16/9-токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, 2023-жылдын 08-февралында кабыл алынган №16/9 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн 2023-жылдын 24-февралындагы Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-сессиясынын отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 1-пунктунун негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 08-февралындагы кезектеги 16-сессиясында кабыл алынган №16/9 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Кулунду айыл аймагынын Май-Тоңбос участкасындагы №861 контурунан 37 га, №641 контурунан 5,60 га, №637 контурунан 16 га, №638 контурунан 23 га , жалпы 81,6 га жердин багыты өзгөртүлүп, трансформациялоого макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн ок атуу талаасы катары колдонууга №861 контурунан 37 га, №641 контурунан 5,60 га, №637 контурунан 16 га, №638 контурунан 23 га , жалпы 81,6 га жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык Кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев
|