КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 24-февралы № 17/2
Кулунду айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы №23/1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу» жөнүндөгү №105 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Лейлек райондук бөлүмүнүн 2022-жылдын 07-июнундагы №04/589 эскертмесине ылайык, Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-мартындагы №23/1 токтомунун 1 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: “1. Кулунду айыл аймагынан №735, 733, 706, 708, 710, 712, 716, 715, 688, 717, 691, 692, 694, 654, 651, 578, 585, 584, 591, 610, 609, 606, 605, 604, 603, 517, 516, 5416, 11, 18, 15, 483, 484, 454, 444, 438 – контурларынан 2,4249 га мамлекеттик менчикте турган айыл чарба багытындагы жайыт жерлерин жана №634 – контурунан 0,1161 га мамлекеттик менчикте турган айыл чарба багытындагы чөп чабынды жерлерин, жалпысынан 2,5410 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. (экспликация тиркелет)”.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык Кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев
1-Тиркеме
Кулунду айыл аймагынын башчысы: Ө. Ташбалтаев
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||