Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун

2023-жылдын 24-февралы № 17/3

                 Кулунду айыл аймагындагы жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы «CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу» жөнүндөгү №105 токтомунун негизинде Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. CASA-1000 долбоорунун ишке ашырууга жогорку чыңалуудагы электр лининиясын куруу үчүн 3 даана тирөөч орнотууга №588, 590, 631 контурдан 1126 чарчы метр (0,1126 га) мамлекеттик менчикте турган кайрак  айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин (экспликация тиркелет).

2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык Кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

     

Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                Ш. Н. Орозалиев

 

 

 

 

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кулунду айыл аймагында   курула турган мамычалардын жеринин экспликациясы

 

 

 

 

 

№

Тирөөчтүн №

Тирөөчтүн координаттары

Контур №

Жердин түрү

Аянт, м2

 

X

Y

Z

 

1

285 [289]

559543.948

4421947.631

1428.227

588

Кайрак айдоо

441

 

2

286 [290]

559224.032

4421941.773

1430.319

590

Кайрак айдоо

324

 

3

288 [292]

558514.151

4421928.776

1450.555

631

Кайрак айдоо

361

 

Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын

директору:                                                                                           Н.Усаров

         Кулунду айыл аймагынын башчысы:                                          Ө. Ташбалтаев