Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун

2023-жылдын 24-февралы № 17/4

Кулунду айыл аймагындагы насосторду трубалары менен Суу ресурстар кызматынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө

Кулунду айыл аймагындагы “Кулунду-Раззаков” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2023-жылдын 10-февралындагы №1 протоколунун токтомунун  4-пунктунун жана Кулунду айылынын Жети-Көпүрө, Баймат, Калмак, Уста дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн арызын кароо үчүн Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 5-пунктунун негизинде  Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кулунду айылынын:

    Уста дыйкан чарбасынын Кулунду каналынын жээгиндеги Уста насосту 350 метр трубасы менен;

    Матай насостук станциясынын 230 метр жана Калта-Арык  насостук станциясынын 330 метр трубаларын;

    Баймат, Жети-Көпүрө, Калмак дыйкан чарбаларынын Кулунду магистралдык жана машинный каналдары 800 метр трубалары менен насостук станциясын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматынын балансына өткөрүп берилсин.

2. Өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан суралсын. 

3. “Кулунду-Раззаков” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2014-2017-жылы алынган жалпы суммасы 5682910 (беш миллион алты жүз сексен эки миң тогуз жүз он) сомунан 2023-жылдын 1-январына карата калган калдык карыз суммасы 3995580 (үч миллион тогуз жүз токсон беш миң беш жүз сексен) сомун төлөө жагы  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстар кызматынын балансына өткөрүп берилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                Ш. Н. Орозалиев