КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 24-февралы № 17/6
Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 7-пунктунун негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин Өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган 650,0 (алты жүз элүү миң) сомдун четинен Кулунду каналды жана Машинный каналды тазалоого 2 тонна күйүүчү май алынып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев