КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 24-февралы № 17/7
Кулунду айыл аймагынын антисанитардык абалы жана аялдамалар боюнча протоколдук тапшырма жөнүндө
Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 8-пунктунун негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы эски даараткананын ордун тазалап, жаңы даараткананын жанына таштанды таштоочу бактар орнотуу үчүн Кулунду айыл өкмөт башчысына протоколдук тапшырма берилсин.
2. Кулунду айыл аймагындагы аялдамалар боюнча так маалымат чогултулуп, эгер сатылган аялдамалар болсо, тиешелүү органдарга кайрылып, кайрадан айыл өкмөттүн балансына алынсын. Кулунду айыл өкмөт башчысына пртоколдук тапшырма берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев