Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун

2023-жылдын 24-февралы № 17/9

Сада участкасына статус берүү  жөнүндө

 

Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 13-пунктунун негизинде  Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылына караштуу Гулякандоз каналынын түндүк тарабындагы Кыргызстандын 60 жылдык көчөсүндөгү турак жайлар жайгашкан конушуна “Сада участкасы” деген статус берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.     

 

Кулунду айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                Ш. Н. Орозалиев