Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун

2023-жылдын 24-февралы № 17/10

 

Кулунду айыл аймагындагы короолордун ижарасын узартуу жөнүндө

Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 10-пунктунун негизинде  Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кулунду айыл аймагынын “Коросон” участкасынын  “Шырыкты” кыштоосунан 8-03-07-0015-2077 А кодундагы эски короонун ордун убактылуу пайдаланууга берилген 2003-жылдын 28-ноябрындагы ижара келишиминин мөөнөтү узартылып берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын

 

Кулунду айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                Ш. Н. Орозалиев