КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 24-февралы № 17/11
Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылына социалдык объект куруу үчүн жерлерди трансформациялоо жана ажыратып берүү жөнүндө
Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 4-пунктунун жана Кулунду айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 26-мартындагы №01-20/43 сандагы чыгыш катынын негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын Ниязматов көчөсүнүн тушундагы №158 контурунан 1,10 га жерин трансформациялоого (бир багыттан экинчи багытка которуу), жана Интернационал айылындагы Кулунду практикалык жалпы дарыгерлер борборунун имаратын жылдыруу үчүн жаңы имарат курууга Кулунду айылынын Ниязматов көчөсүнүн тушундагы №158 контурунан 1,10 га жер ажыратууга макулдук берилсин.
2. №158 контурунан мурда ижарага алган бак ээлери менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, ижарачыларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенсация төлөнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кулунду айылдык Кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев