Редакцияот 07.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Талап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы

2023-жылдын 7-марты № XVII/6

Жаны-Талап айыл аймагында таштанды тѳгүүчү полигон, таштанды таштоочу жайга жер бөлүп берүү жѳнүндѳ

Жаны-Талап айыл аймагында таштанды тѳгүүчү полигон, таштанды таштоочу жайга жер бөлүп берүү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык Депутаттардын Жаны-Талап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Ак-Талаа райондук администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын 2023-жылдыгы 31-январындагы №3 протоколунун жана 06-февралындагы №01-36-а/21-б буйругунун негизинде Жаны-Талап айыл аймагындагы таштанды төгүүчү полигон Таш – Төбө участкасынын №877-контурдагы эски карьерден 0,20 га жер аянты мөөнөтсүз пайдаланууга алынсын.

 

2.  Жаны-Талап айыл аймагындагы таштанды төгүүчү полигон Таш – Төбө участкасынын №877-контурдагы эски карьерден 0,20 га жер аянты таштанды таштоочу жай уюштуруу, пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

 

3.  Тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер-турак жай коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис М.Абдылдаевке милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.

 

Төрагасы:

Ж.Турдубеков