Редакцияот 07.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Талап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы

2023-жылдын 7-марты № XVII/7

Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү, натыйжалуу инфраструктура түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У.Айтмамбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Жаны-Талап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгы айыл өкмөтүндө жетекчиликке алынсын.

2.  “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү, натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыктын айыл өкмөтүндө жобосу иштелип чыксын.

3. Иштелип чыккан жобонун негизинде иш-чаралар планын түзүү жана аткарылышын камыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Айтмамбетовго тапшырылсын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаны-Талап айылдык кеңешинин тийиштүү тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрагасы:

Ж.Турдубеков