Редакцияот 07.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Талап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы

2023-жылдын 7-марты № XVII/8

Жаны-Талап айыл аймагына кичи спорт аянтча куруу үчүн түрткү берүүчү грант аркылуу 2023-жылдагы бюджеттин эсебинен өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө

Жаны-Талап айылындагы кичи спорт аянтчасын куруу үчүн түрткү берүүчү гранттар аркылуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга акча каражаттын кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык депутаттардын Жаны-Талап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.  Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 1150 000 (бир миллион бир жүз элүү миң) сом акча каражаты аталган өздүк салым үчүн бөлүнүп берилсин.

 

2.  Токтомдун аткарылышы башкы бухгалтер Л.Дуйшенбековага тапшырылсын.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрагасы:

Ж.Турдубеков