Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз он жетинчи сессиясы

 

2023-жылдын 28-апрели №114

 Орозбеков айылдык кеңешинин  “Орозбеков  айылынын  Жоогесек -Коргон участкасынын З.Парпиев көчөсүнө төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн тартуу” жөнүндөгү  03.03.2023-жылдагы №110 токтомуна  толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча  айылдык кенештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын “Орозбеков айылынын З.Парпиев көчөсүнө кошумча 300 метр аралыкка төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн тартуу” жөнүндөгү тургундардын кайрылуулары боюнча  билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Орозбеков айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. Орозбеков айылынын Жоогесек-Коргон  участкасынын З.Парпиев  көчөсүндөгү уруксат берилген 2100 метр аралыкка кошумча 300 метр кошулуп, төмөнкү басымдагы газ түтүкчөлөрүн тартууга уруксат берилсин.

2. Орозбеков айылынын З.Парпиев көчөсүнө  газ түтүкчөлөрүн тартуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү  жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Орозбеков айыл  аймагынын

айылдык  кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                                                                             О.Ибрагимов