ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-апрели №116
Орозбеков айыл аймагындагы Оробашы-Ак-Кайың участкаларын бириктирип турган 15 (он беш) чакырым шагыл автожолун КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы З.Н.Максутовдун “Орозбеков айыл аймагындагы Оробашы-Ак-Кайың участкаларын бириктирип турган 15( он беш) чакырым шагыл автожолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине балансына өткөрүү жөнүндөгү” №46-Жол тейлөө ишканасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги №01-11/80-1 сандуу каты боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кенеши
токтом кылат:
1.Орозбеков айыл аймагындагы Оробашы-Ак-Кайың участкаларын бириктирип турган 15( он беш) чакырым шагыл автожолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү иш-кагаздарды даярдап, Оробашы-Ак-Кайың автожолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин балансына өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Орозбеков айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы: О.Ибрагимов