Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз он жетинчи сессиясы

 

2023-жылдын 28-апрели №122

Орозбеков айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын  Типтүү уставын бекитүү жөнундө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 30.01.2023-жылдагы №01-13/18 сандуу катын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021- жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 21-беренесинин 1-пунктуна ылайык , Орозбеков айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. Орозбеков айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын  Типтүү уставы 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.( тиркеме тиркелет) 

2. Кабыл алынган жергиликтүү жамааттын Уставынын негизинде айыл аймакта иш алып баруу жагы Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын

 

 

Орозбеков айыл  аймагынын

айылдык  кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                                                                             О.Ибрагимов