Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз  VII чакырылыш ХXII сессиясы

2023-жылдын 30-январы № 22/4

Айыл аймагындагы жер салыгы боюнча жеңилдиктерден пайдалануучу  атуулдардын тизмесин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, салык төлөмдөрүнүн  жеңилдиктерден пайдалануу боюнча Салык кодексинин 344-беренесине ылайык  Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1.    Көтөрмө айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучулары, Чернобыль кырсыгынын катышуучулары, пенсия жашындагылар жана 1-2-топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуулар физикалык жер салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.

2.    Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Тамаша, Көтөрмө айылдарынын жашоочулары физикалык жер салыгынан 50% пайызга бошотулсун.

3.    Тамарка салыгы коэффиценти (Кз) 1,0 эсебинде калтырылсын

4.    Айыл чарбасына жараксыз жер салыгы коэффиценти (Кз) 1,2 эсебинде калтырылсын.

5.    Айыл чарба багытындагы жер салыгы курулуш иштери бүткөнчө (Кк)0,3 коэффицент менен алынсын.

6.    Акыр чикир чыгаруу өз ара салыгы 100 сом эсебинде калтырылсын.

7.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ нүн башчысы М. Мадумаровго, киреше бөлүмүнүн башчысы М. Султановго жүктөлсүн

 

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Бактыбаев