Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-январы № 80/XX-28

“Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”

Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин бухгалтери Ч.Орозбакованын 2022-жылга жайыттарды пайдалануу планынын аткарылышы жөнүндө жана 2023-жылга алдын ала бюджетти жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,

Ново-Покровка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетин тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.И.Турдиев