НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы № 81/XX-28
Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловдун айыл өкмөттүн штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана өндүрүштүк зарылчылыка байланыштуу
Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн штаттык ырааттамасына өзгөртүү киргизилсин:
- жетектөөчү адис – юрист кызмат ордун жер суроолору боюнча жетектөөчү адиси кызмат ордуна өзгөртүлсүн;
- мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо боюнча жетектөөчү адиси кызмат ордун «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча жетектөөчү адиси кызмат ордуна өзгөртүлсүн
2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык жетектөөчү адистерге квалификациялык талаптарын жана кызматтык нускамаларын иштелип чыксын, бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.С.Бейшеналиевага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И.Турдиев |