НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы № 83/XX-28
Жер участогун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-декабрындагы № 03-53/1393 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4 пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна,34-беренесинин 17-пунктуна ылайык,
Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ново-Покровка айылы, Ленин көчөсү № 335”б” дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2025,98 ч.м., идентификациялык коду: 7-04-17-0001-0511 Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн имаратынын жер участогун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин
2.Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясын жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун белгиленген мыйзамдуу тартипте муниципалдык менчикке бекитип берүүсү суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер суроолору боюнча башкы адиси Э.У.Урматбековго жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И.Турдиев |