КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 18- сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 17
ИСКАКБ “Таза суу” бирикмеси жѳнүндѳ
Кууганды айыл аймагынын Үч-Эмчек айылынын 2023-жылдын 23-мартындагы элдик жыйын чечимин негизинде, Депутаттардын Кууганды айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл аймагынын Үч-Эмчек айылында 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, ичүүчү сууга болгон 1 айлык тѳлѳм акы түтүн башына 100 сом болуп бекитилсин.
2. Үч-Эмчек айылындагы жеке менчик мончолорун иштеткен, мончо ээлерине бир айлык тѳлѳм 300 сом болуп бекитилсин.
3. ИСКАКБ “Таза суу” коомдук бирикмесинин 2023-жылга бюджети бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ф.К.Токушев |