КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 18- сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 22
Кѳчѳлѳргѳ электр карагайларын чубалгылары менен орнотуу жѳнүндѳ
Айыл тургундары тарабынан түшкѳн арыздарды, оозеки кайрылууларды жана Тѳрѳкул, Бактагүл, Жаныкул кѳчѳлѳрүнүн жашоочуларынын кѳйгѳйүн чечүү максатында, Депутаттардын Кууганды айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл аймагындагы Тѳрѳкул кѳчѳсүнүн башталышына 15 (он беш), Жаныкул кѳчѳсүнѳ 6 (алты) карагай электр чубалгылары менен, Бактагүл кѳчѳсүнүн электр чубалгыларын Кудабай кѳчѳсүнѳн бѳлүп, ѳзүнчѳ тартууга керектүү каражаттар айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен каралсын.
2. Талас Түндүк Электр тармактар ишканасы менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ѳзүмѳ калтырылсын.
Төрага | Ф.К.Токушев |