Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 18- сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 23

Кичи футбол аянтчасын оңдоо жѳнүндѳ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кууганды айыл аймагынын Үч-Эмчек айылынын борборундагы кичи футбол аянтчасынын түнкү жарыктандырууларын, жерге тѳшѳлгѳн жашыл килемченин жыртылган жерин, курчалган тосмолорунун талкаланган жерлерин жана жуунучу жайдын ичиндеги суу аккычтарын оңдотууга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 80 000 (сексен миң) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

 

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ѳзүмѳ калтырылсын.

 

Төрага

Ф.К.Токушев