КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 18- сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 25
Аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлѳлѳрдүн турак жайларын ѳрттѳн, табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жѳнүндѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кууганды айыл аймагынын Үч-Эмчек айылындагы аз камсыз, жардамга муктаж 10 үй-бүлѳнүн турак жайын мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 50% кѳрсѳткүч менен камсыздандырууга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 3300 (үч миң үч жүз) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ф.К.Токушев |