КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 18- сессиясы
2023-жылдын 31-марты № 26
Колдоо кѳрсѳтүү жѳнүндѳ
К.Каимов атындагы орто мектебинин мугалими, “Тынчтык Куруучулар” клубунун жетекчиси С.Жунушалиеванын кайрылуусун жана айылдын волейбол сүйүүчүлѳрдүн кайрылууларын карап, Депутаттардын Кууганды айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Каимов атындагы орто мектебинин “Тынчтык Куруучулар” клубунун окуучуларына колдоо кѳрсѳтүү максатында айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 10 000 (он миң ) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
2. Райондук деӊгээлде жаштар арасында ѳтүүчү волейбол оюну боюнча мелдеште, аймактын волейбол оюнчуларына колдоо кѳрсѳтүү максатында айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 20 000 (жыйырма миң ) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ф.К.Токушев |